Будапештте үч күндөн бери башаламандык уланууда

Ушул түнү өкмөткө каршы 15 миңдей адам шаардын борборуна чогулуп, алардын айланасына полициянын жүздөгөн кызматкерлери тартылды. Буга чейинки эки күн ичинде полиция менен демонстранттар ортосундагы кагылышууларда 200дөй адам жарадар болду.