ЭЛДИ ОЙЛОГОН ЭЧ КИМ ЖОК ДЕШЕТ ТАЛАСТЫКТАР

Улан Эсенгелди уулу, Талас Талас облусунун дыйкандары жаңыдан төөбурчак, картошка жана башка түшүмдөрүн жыйнап, аларды кантип, кайсыл жака кымбат баада өткөрсөм деген ойдо болуп турушат. Элди аралап сүйлөшкөнүбүздө кыргыз элинде тынччылык эле болсо экен, себеби ар бир төңкөрүштө экономика артка жылат, инвесторлор келбей калат деген ойлорун таластык дыйкандар билдиришүүдө. Ошондой эле айрым адамдарды баамында, бийлик төрүндө элди ойлогон эч ким жок, жеке кызыкчылыктан улам чыккан бийлик талашуу жүрүп жатат.
Кыргызстандын президенти ай сайын губернаторлор эл менен жолугушуп турат деп айтты эле, бир да өкмөт өкүлүн көргөн жокпуз, деп азыркы бийликке нааразычылыгын Талас районуна караштуу Манас айылынын тургуну Шумкарбек Жумакеев мырза билдирди:

- Президенттин жасап аткан жумуштарынан кээ бир кемчиликтерди байкап атам. Мисалы, бийликке келгенде айткан, айыл өкмөттөрү ар бир жуманын этегинде эл менен жолугушуп, сүйлөшүп турат деп. Биз айыл өкмөттөрүн, губернаторлорду көрбөйбүз. Эл өзү менен өзү болуп, өзүнүн тирилигин өзү кылып атат. Эч жардам сезген жокпуз. Элди эмне болсоң ошо бол дегендей таштап койду.

Талас шаарынын тургуну өзүнүн менчик автоунасы менен элди ташып, күнүмдүк тиричилигин өткөрүп келе жаткан Эсен Жамансартов Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин окуясын кадыресе эле бийлик талашуудан чыккан кармашуу деп баалайт:

- Кыргызстанда бийлик, кызмат талашуу, бири-бирине чуңкур касмай болуп атат. Мисалы, Текебаевге жөн жерден артынан маңзатын салып коюптур. Ал ташыса 5 кг. ташымак, 500 граммды эмне кылсын. Уят керек. Бул бирөөлөр тарабынан жасалган.

Текебаевдин тегерегиндеги окуяларды депутаттардын өздөрүнүн деңгээлин көтөрүш үчүн, элге көрүнүш үчүн атайын көбүртүп жабыртып жасаган иштери, деп айтты Талас шаарындагы өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү Таалай Арзыкулов:

- Текебаев боюнча окуяга күнөөлүү эч ким жок деп ойлойм. Булар өзүнүн имиджин көтөрүш үчүн кылган иштери. Жаңыдан Кыргызстан оңолуп, тынч абалда болуп кыймылдай баштаганда эле, кайра элди чайпап атышат. Өздөрүнүн көздөгөн максаты бар болуш керек. Булар элди ойлобой эле, өздөрүнүн жеке максатын ойлойт.