АКСЫДАГЫ КУРУЛТАЙ, ПРЕЗИДЕНТТИН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ БУЗУКТАР, ҮЧҮНЧҮ КҮЧТӨР, НЕМЕЦТЕР КУРУЛТАЙЫ

“Энесай”

“Энесай” гезити “Курултайдын баркы кеттиби?” деп суроо коюп, жооп издешет. Ошентип Аксыда курултай болгонун, 15 миңге жакын эл чогулат деген уюштуруучулар миңге жетпеген элди араң чогултканын, курултайдын баркы кетип баратканын сынга алышкан.

“Президенттин тегерегиндегилердин бузуктугу” деген макаласында “Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин баңгизат менен кармалышы өлкө президенти Курманбек Бакиевдин тегерегиндеги биринчи увазирлеринин чыныгы жүзүн да ачып берди” деп премьер-министр Феликс Кулов менен Улуттук коопсуздук кызматынын отставкага кеткен төрагасы Бусурманкул Табалдиевди сынга алган.

“Акыркы мезгилде кайсыл жерде ызы-чуу болсо, ошол жерде өкмөт башчысы Феликс Кулов пайда болуп, окуяга ойлонбой комментарий бериши адатка айланды, муну менен премьер-министр оппозициячыл депуттарга жакындыгын билдирип, же башка максаттары бардыгын билбейбиз”, дешип анын үч каталыгын талдоого алат.

Биринчи каталыгы- “Жогорку Кеңешке жетип барып, элдин анда болуп бул ишти жасагандыгы менен Жаныш Бакиев өлкөнү жана президентти катуу уят кылды” деп жар салганы болду. Тергөөнүн жыйынтыгы чыга электе, чындык акталбай турган учурда Феликс Кулов шашылыш бүтүм чыгарып, жаңылды.

Экинчи каталыгы-“Жаныш Бакиевди кызматка алып келген киши болуп, оң мүнөздөмөнү бардыгына бере берем, бирок мени ким сатып кетээрин билбейм” дегени болду деп “Энесай” гезити Феликс Куловду шашмалыгы, иштин көзүн билбегени үчүн күнөөлөйт.

Президентти “сен” деп сүйлөгөндүгү менен премьер-министрдин маданиятсыздыгы, оройлугу билинип, шерменде болду” деп үчүнчү каталыгы катары сындайт.

Улуттук коопсуздук кызматын башкарууга Бузурманкул Табалдиевди татыксыз, кыйын учурда өлкө башчысын сатып, четке чыга берген, өзүн баатыр көрсөткүсү келген “бузук” адам экенин “Энесай” гезити жазып, бул адамга көө жабат.

“ Белый пароход”

“Белый пароход” жумалыгы учурдагы бийликти сынга алат. Ушул жумалык “Курманбек Бакиев жана үчүнчү күчтөр” деген макалага орун орун берди. Анда президенттин кадрдык саясатындагы каталыктары өз башына мүшкүл үйүп жатканы сындалат. “Эгерде кадр маселесиндеги олуттуу каталыктарын оңдобосо, эл үчүнчү күчтөрдү аныктоого кудурети жетет. Үчүнчү күчтөр-Курманбек Бакиевдин кечээки эле союздаш, пикирдештери” экенин журналист Елена Авдеева жазды.

Ысыккөлдө быйыл туристтик сезон жакшы болгонун, миллиондон ашуун турист келгенин бардык гезиттер кабарлаган. Былтыркыга караганда Ысыккөлдөн эле 100 миллион доллар киреше түштү деп маалымдашкан. Бирок, казынага 122 миң сом гана түшкөн. Калган каражат кайда кетти? деп суроо коёт “Белый пароход” жумалыгы.

Кыргызстанда 28 авиакомпания катталганы менен коопсуздукту сактоо маселеси биринчи орунга коюла электигин “Белый пароход” гезити айтып, коңгуроо кагат. Алардын маалыматы боюнча биринчи вице-премьер министр Данияр Үсөновдун аялы жетектеген “Итек Эйр” авиокомпаниясынын эки учагы карызы үчүн барымтада туруп, сатууга коюлган. Алар Кыргызстандагы авиакомпаниялар менен учуу кооптуу экенин маалымдашат.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Улукбек Чыналиев менен кабарчы Елена Авдеева маектешкен. Анда Өзбекстан менен Кыргызстандын дипломатиялык, экономикалык, маданий мамилелерин чечүү кыйынга туруп жатканы айтылган.


”Аргументы и факты”

Аксыдагы курултай ийгиликтүү өткөнүн, өкмөткө, президентке бир нече жүйөлүү талаптар коюлганын, конституциялык реформаны жүргүзүүнүн зарылдыгын, Аксы окуясына күнөөкөрлөрдү аныктоону тездетүү керектигин ”Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемеси да жазды.
Өлкөдө трайбализм күчөп, коррупция азайбай, кадр тандоодо олуттуу кемчиликтер көп кетип жатканын да билдирген.

“МСН”

“МСН” гезити журналист Замир Өсөровдун Жаныш Бакиевдин Өмүрбек Текебаевге жасалган провокацияга катыштыгы жоктугун айткан макаласына орун берип, анда “Агым” гезити жарыялаган телефондордун тизмеги жалган экенин билдирген.
“МСН” гезити Кыргызстанда жашаган немец калкынын 8-курултайы Бишкекте өткөнүн, алар бири-бирин экономикалык, социалдык, билим жана маданият программаларынын алкагында колдоого алып жатканын маалымдайт.


“Слово Кыргызстана”

“Слово Кыргызстана” гезити өлкө презденти Курманбек Бакиев Йемен, Алжир, Монголия, Белорусь, Бельгия, Канада, Голландия өлкөлөрүнүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алып, дипломатиялык ишти баштап жатышканы менен куттуктаганын кабарлады. Бул гезит да жайкы эс алуу сезонун жыйынтыктап дагы көп көйгөйлөр чечилбей калганын баяндады.