Кант аба майданынын ачылганынын үч жылдыгына арналган иш чара эки жумадан кийин болот. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан менен Россиянын аскердик-саясий, аскердик-техникалык байланыштарынын деңгээли жогорулоодо. Эки мамлекеттин соодасынын көлөмү да жыл сайын өсүп, быйылкы жылы 700 миллион долларга жетип барган.