12:00 АКШ Кыргызстанга төрт учакты ремонттоп оңдоп берди

АКШнын Кыргызстандагы элчиси капиталдык ремонттон өткөрүлгөн төрт АН-2 учагын Кыргызстандын Коргоо министрлигине өткөрүп берди. Учакты тапшыруу аземи 20-сентябрда Фрунзе-1де болуп, ага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович жана коргоо министри Исмаил Исаков катышты. Төрт учакты ремонттон өткөрүүгө АКШ 500 миң доллар сарптаган.