17-сентябрда болуп өткөн 8-элдик курултай бийлик алдына башка талаптар менен бирге Аксы окуясын бир ай ичинде жыйынтыктоо милдетин койгон. Аталган мезгил аралыгында талап аткарылбаса, Бакиев-Кулов тандемин мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү жагы эскертилген. Бийликтегилер төрт жыл мурдагы кандуу окуяга байланыштуу кылмыш иши декабрь айында тергелип бүтөөрүн билдирүүдө. Мындай жооп «Реформа үчүн» кыймылынын өкүлдөрүн алымсындырбайт. Алты адамдын канына забын болгон адамдар табылбаса, мындай окуянын арты кандай кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн?
Аксы окуясынын аягы чыкпай, 2002-жылы митингге жөө бараткандарга ок атууга буйрук берген жана элди аткан адамдардын табылбаганы – оппозициянын билигине ширенке чагып, анын бийликке катуу талаптарды коюсуна алып келди.
Жазуучу Элүүбай Отунчиевдин болжолунда ишке байланыштуу көп адамдар тергелген эмес. 17-18-мартта Боспиекте автомат кармаган кишилерден сураса эле, төрт жыл мурдагы окуянын учугу табылчудай:
- Канча мылтык атылды. Ошол октор, мылтыктар азыр сакталуусу керек. Ким атты? Ошолор суралдыбы? Алар барбы азыр? Мына ушул жактан баштоо керек.
Депутат Азимбек Бекназаров башкы прокурор кезинде кылмыш ишинин 70 пайызы бүткөн. Анын айтымында жабырлануучулар менен айыпкерлерди беттештирүү иши гана калган. Азыркы Башкы прокуратуранын мурдагы облпрокурор Зоотбек Кудайбергеновго чыгарган корутундусу депутаттын тынчын алууда:
- Бардыгы бүткөн, беттештирүү гана калган. Адахан Мадумаров айткан, Конгантиевдин түзгөн комиссиясы алардын баарын жокко чыгарып, Кудайбергенов туура иш козгогон, Аксыда туура мылтык атылган деген жыйынтык чыгарган. Бирок кол коюла элек.
“Реформа үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев Аксы окуясы маалында өкмөттү башкарган К.Бакиев суракка алынбаганын болжойт:
- Билбей калганы үчүн камалышы керек. Эгер билген болсо аны кошумча камаш керек. Эл менен солдаттын ортосунда ок атпагың, элиңди аткандан көрө мени аткың деп туруш керек эле. Эмне үчүн ишти аягына чыгара албады. Анткени Бакиевди суракка ала алган жок. Суракка алса, аны күнөлүүсүң деп туруш керек эле, ошондо анын күнөөсү чыгат эле.
Анткен менен президент К.Бакиев 18-сентябрда башкы прокурор Камбаралы Конгантиевге кылмыш ишин кыска убакытта бүтүрүү милдетин жүктөгөн. Иштин созулганы Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровго да түшүнүксүз:
- Ушул мезгилге чейин созулуп келатканы түшүнүксүз. Бирок, президенттин катуу тапшырмасы бар, декабрга чейин кандай аракет болбосун, акты ак, караны кара кылып чыгарганга толук түрдө милдеттүүсүңөр деген. Камбаралы Конгантиев айтты, биз декабрга чейин толук жетишебиз, баарын болгонун болгондой кылып жарыялаганга даярбыз деп.
Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Токтогул Какчекеевдин жообу боюнча Аксы окуясын оппозиция талап кылган мөөнөттө бүтүрүү мүмкүн эмес. Анда аныктоону талап кылган көп жагдайлар бар. Учурда прокуратуранын тергөөчүлөрү алты адам октон өлгөн райондо тергөө ишин улантууда.
Депутат Дооронбек Садырбаев болжогондой, кылмыш иши тергөө менен эле аяктабайт. Ким күнөөлү, ким ак экенин аныктаар соттун качан болоору белгисиз:
Күнөөкөрлөр табылбаса, оппозиция Бакиев-Кулов тандемин отставкага кетирүү маселесин козгомокчу. Боспиекте уулу өлгөн Момбек Четинбаев кырк жыл бою кек куурун билдирген.
Ата Мекен партиясынын өкүлү Сеит Кадырбековдун болжолунда, айыпкерлер жазаланбаса, өлкө баш аламандыкка туш болот:
- Эгерде ушундай боло турган болсо элибиз ансыз деле тополоң болуп турганда, таптакыр жаңжал, тополоңдон башыбыз чыкпай калат.