ОШ : ЧЕГАРА ТЕКШЕРҮҮЛӨРҮ ЭЛДИ КЫЙНАП БҮТТҮ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Расмий Бишкек менен расмий Ташкендин саясий мамилелери жылуулана баштаганы менен эки тараптын атуулдарынын чегара бекеттеринен эркин өтүү, мыйзамдуу көзөмөлдү жүргүзүү жана чегара соодасын жөнгө салуу багытында маселелери азайган жок. Ары-бери катташкан эки тараптын көпчүлүк атууларды чегара жана бажы текшерүүлөрүнүн мыйзамсыз экенин белгилешти.
“Достук” деп аталган чегара тилкесинин эки тарабында тең чегара жана бажы кызматтарынын тосоттору коюлган. Өз атын ачык айтууну каалабаган кезметчи кыргыз чегарачысынын айтымына караганда, бул жерден күнүгө болжол менен 7 миңге жакын адам ары-бери чегарадан өтөт. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандын аймагынан соода кылып кетүүнү каалаган өзбек жарандары. Араба, автоунаа менен жүк алып өтүп бара жаткан алардын айрымдары чегарадан өтүүнүн түйшүктөрү тууралуу мына буларды айтып өтүштү:

- Өтүүбүз кыйын болуп атат. Чегарачылар акча сурашат. Биз соода кылганы келебиз ушул жерге, - дейт чегарадан өтүп бара жатышкандардын айрымдары.

Сурамжылоого алынган адамдардын көпчүлүгү тууган-уруктук байланыштар жана соода иштери менен чегарадан өтүүгө мажбур экендиктерин айтышуу менен, качандыр бир саясат өзгөргөн учурда визасыз режимдин, чегарадан эркин өтүү мүмкүнчүлүгүнүн калыбына келишине ишене тургандыктарын билдиришти:


- Визасыз режим болуп мурдагыдай эркин өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө элге эле жакшы болот эле. Азыр эми минтип кыйналып жатабыз. Бирок биз эркин катташууну камсыз кыла турган күндүн келишине ишенебиз. Ал эми биздин бул алтын кыялдар адилеттүү башкаруучулар келгенде гана орношу мүмкүн. Саясат убактылуу нерсе, ал эми элдин байланышы, достугу, туугандыгы түбөлүктүү болуш керек, - деген оюн билдирди кыргыз атуулу Жалманбек Сайыпжанов.

Чегара бажы тилкесинен адамдардын пикирлерин сурап жаткан учурда аскер кийимчен кыргыз офицерлеринин айрымдары бул аймактан тез арада кетип калууну талап кылышып, буга көнбөгөн учурда үн жазып алуучу техниканы тартып ала тургандыктарын эскертишти.