Министр БУУнун Башкы Ассамблеясынын кечээ башталган 61-сессиясынын жалпы талкууларына катышып, Кыргызстандагы өзгөрүүлөр, коомдук-саясий кырдаал тууралуу сөз сүйлөмөкчү. Нью-Йорктогу сапарынын учурунда кыргыз министри АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер, Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөөрү күтүлүүдө.