Аксы районунда өткөн элдик курултай бийликтин алдына тез арада конституциялык реформа жүргүзүү, Аксы окуясын аягына чыгаруу, президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусун токтотуу өңдүү бир нече талаптарды койду. Оппозициячыл депутаттар башында турган курултайдын мындай талаптарына нааразы болгон облустагы саясий-коомдук уюмдар менен жергиликтүү тургундар 18-сентябрда Базаркоргондо каяша акциясын өткөрүп ийишти. Мындай жаатташуулар, бийлик менен оппозициянын өз ара кармашы өлкөдөгү кырдаалды мындан ары курчутуп ийбейби?
Аксыда өткөн курултай коомчулук арасындагы оппозиция менен бийликтин тирешүүсүн курчутту. Курултайда 2002-жылкы кандуу окуянын аягына чыгып, Конституциялык реформаны жүргүзүү, президенттик үй-бүлөлүк башкаруусу менен саясий куугунтуктоолорду токтотуу жана башка талаптар коюлган.
Аталган талаптар бир айда аткарылбаса, орозо айынан кийинки жыйында Бакиев-Кулов тандемин мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү маселеси коюлары эскертилген. “Ар намыс” партиясынын өкүлү Бөдөш Мамырованын пикиринде бийлик март ыңкылабынан кийинки убакытты максаттагыдай пайдаланган жок:
- Уламдан-улам бийлик органдарына алып келип атат кишилерди. Муну менен биз системаны, Конституцияны жакын арада өзгөртөбүз деп айта албайбыз. Ошон үчүн биз конституциялык реформаны кабыл алышыбыз керек. Конституциялык реформа жасабай туруп Бакиевди кетирип ордуна башка бирөөнү алып келсек дагы эле ушул система болот.
Бийлик уюмдарында экс-президент Аскар Акаевдин адистеринин өлтүрүшү коомчулукту бушайманга салууда. Башкаруу тармагында мындай кемчиликтер арбын экенин Жумакан Кулназарова эске салды:
- Азыр Бакиевди кетип калсын деген эч ким жок. Лениндин идеясы бар, мурунку кемчиликти моюнга алып туруп, кийин ишти оңдоп кетүүгө болот деген. Ошол эле сыяктуу Бакиев да айлана-чөйрөсүндөгү Акаевдин куйруктарын иштен тазаласа. Кара тизмеге жазылган көп эле соттор отурат. Сотторго мен өтө нааразымын.
Оппозициянын талаптары президенттин саясатын жактагандардын каяшасын пайда кылды. Дүйшөмбү күнү «Эмгек жана Биримдик», “Жаңы Кыргызстан» партияларынын өкүлдөрү Базаркоргон районунда митинг өткөрүшүп, «Реформа үчүн» кыймылына бийликтин ишине тоскоолдук кылбоо талабын койду. Анда парламентти таркатуу, депутат Ө.Текебаевди чакыртып алуу иш чараларын кайра көтөрөөрүн эске салышты.
Tашкөмүр шаарынан Уулкан Мамасабирова оппозицияга каршы аялдар армиясын түзө турган болду:
- Аялдар армиясын түзүп туруп биз бул оппозицияга жол бербейбиз.
Облустагы «Калемгер кыздар» уюмунун төрайымы Бактыкан Ажымаматованын көз карашында эки жаат болуп жиктешүүдөн өлкөдөгү тынчтыкка доо кетет:
- Эки тарапта туруп алып, кайым айтыша бергенде өлкөдө стабилдүүлүк гана бузулат.
Бирок, карапайым эл жаатташкан тараптардын куралына айласыздан айланууда. Жалалабат шаарынын тургуну Абдывали Каримовдун оюнда кара курсактын айынан эки тарапка көз каранды болгон жарандар аз эмес:
- Эки нан менен сыйлап, эртеси митингге чык десе, чогулуп чыгабыз. Курал пайдаланып атат. Көпчүлүк эл түшүнүшүбүз керек, чык десе эле чыга бербей, акыры эмне болот деп ойлонушубуз керек.
Коомчулукта түзүлгөн кырдаалды оппозиция менен бийлик сүйлөшүү аркылуу жөнгө салуусу абзел. Саясатчылардын талабы туура экенин белгилеген «Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсалов жагдайды курчутпоо үчүн бийликке компромисс жолун сунуш кылды:
- Курманбек Салиев компромисске, диалогго барыш керек деп айтып атпайбы. Менин оюмча ал киши президент мырза катары, айтылган сөзгө, сунуштарга барса жакшы эле болот эле.