13:00 Жогорку Кеңештин имаратына бомба коюлган деген маалымат жалган экен
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков бүгүн билдирди. Бишкек милициясына белгисиз аял 17-сентябрда телефон чалып, парламент ичине бомба коюлганын билдирген. Учурда ал аялды издөө иштери жүрүүдө.