ПРИДНЕСТРОВЬЕ ЭЛИ МОЛДОВАНЫ ЧАНЫП, ОРУСИЯГА КОШУЛАБЫ?

Эртең, жекшемби күнү Днестр боюндагы өзүн Приднестровье жумуриятымын деп атаган өлкөдө референдум өткөнү жатат. Эч ким тааныбаган ал жумурияттын тургундары эки суроого жооп беришмекчи. Биринчиси - Молдова жумуриятынын курамынан чыгууга макулсузбу? Экинчиси – Орусиянын курамына кошулууга макулсузбу? деген суроолор коюлуп жатат.
Анализчилер баамында Косовонун батыш өлкөлөрү тараптан таанылып атышы мурдагы советтик аймакта пайда болгон жаңы түзүлүштөрдүн чырагына май тамызып, алардын да таанылууга карай аракеттери күчөп жатат.

Дүйнө коомчулугу мамлекет экен деп тааныбаган алакандай жумурияттар 90-жылдардын башында мурдагы советтик аймакта жарала баштаган. Кийин Югославия федералдык түзүлүшү таркаганга байланыштуу буга окшогон көрүнүш ал жакта да пайда болгон. Алардын акыркысы болуп эки башка мамлекеттик түзүлүшкө ээ болушкан Черногория менен Косово жумурияттары буга мисал.

Орусияга танапташ жерлердеги Грузия коюнунан чыга качышкан Абхазия менен Түштүк Осетия ал эми Молдова коюнунан чыга качкан Днестр боюндагы жумурияттар мамлекеттик түзүлүшү таанылбаган боюнча калууда. Аларды тааныбаганы менен Маскөө өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланууда дешет айрым саясий серепчилер.

Азыркы тушта Тираспол сыңары Цхинвали менен Сухуминин Орусиянын протекторатына айланганын анализчилер айтышат. Ошондон уламбы дешет, жакында чет элдик саясатчылар менен болгон жолугушуу үстүндө Владимир Путин батышты ал өлкөлөргө экилтик менен мамиле жазайт деп сындады:

- Косового карата бир эреже, Абхазия менен Түштүк Осетияга карата башка эреже колдонбоо керек. Косоводогу жагдай алардан эмнеси менен айырмаланып турат? Эч нерсеси менен!, - деп айтты орусиялык лидер.

Баса, ал таанылбаган өлкөлөр саясий төбөлдөрү чыгарган жыйынтыкта алар акыры Орусияга келип кошулмакчы. Днестр дайранын сол жээгиндеги жумурият эртең жүргүзүп аткан сурамжылоонун башкы максаты – Орусияга чукулдоо болуп атканын ал таанылбаган өлкө жетекчиси Игорь Смирнов кечээ журналисттер алдында жасаган маалыматында айткан:

- Биз Орусиялык Федерациянын мындан аркы жазачу кадамын күтөбүз. Эң башкысы – мындан ары ким менен биз өз геосаясий өнүгүүбүздү чогуу жүргүзөбүз ошону тактоо, - деди таанылбаган өлкөнүн президенти Смирнов.

Анализчилер талдоосунда Косовону таануу БУУ чечимине жараша болуп аткан көрүнүш. Албандар менен сербдер кармашынан улам БУУ чечими менен мурдагы Югославияга аскер киргизилген. Ошондон кийин ал жердеги күңкорсуздукка чыгып аткан мамлекеттерди таануу болуп атат дешет. Ал эми Грузия менен Молдованын жеринен бөлүнүп алышкан үч республиканы таануу башкаларга өрнөк көрсөткөндүк болор эле дешет.

Түштүк Осетия бийлиги 1992-жылы эле эртең Тираспол өткөрүп аткан сурамжылоону өткөргөн.

Абхазия болсо андай сурамжылоону 1999-жылы өткөргөн.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы