АКШ мамлекеттик катчылыгы дүйнөдөгү диний эркиндиктер тууралуу отчет жарыялады

АКШ мамлекеттик катчылыгы жума күнү - дүйнө мамлекттериндеги диний эркиндиктер боюнча кезектеги отчет жарыялады. Анда Иран менен Өзбекстан сынга алынып, Түркмөнстандагы абал оңоло баштады деп айтылат. Отчеттун авторлорунун айтымында, көптөгөн жылга уланган ич-ара согуштун айынан ооган коомунда өзгөчө кастык маанай түзүлгөн, Орусияда болсо мусулмандарга жана жөөттөргө каршы коомдук пикир күчөп баратат.