Латвия президенти Бириккен Улуттардын баш катчылыгына көрсөтүлдү

Латвия, Литва жана Эстония кечээ күнү Латвиянын президенти Вайра Вике-Фрайберганы Бириккен Улуттардын баш катчылыгына көрсөттү. Азыркы баш катчы Кофи Аннандын мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 31-декабрында аяктайт.