ПАРЛАМЕНТ : ЧУУЛГАНДУУ КАТ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ЭКСПЕРТИЗАГА ЖӨНӨТҮЛӨТ

Кыргыз парламенти өлкөдө түзүлгөн кырдаал боюнча чечим кабыл алууну кийинки бейшембиге жылдырышты. Депутат Өмүрбек Текебаевдин Польшада баңгизат менен кармалышынан улам келип чыккан бул маселени депутаттар бир жума бою талкуулап, акыры маселени иликтеген парламенттик комиссиянын корутундусунан соң гана чечим кабыл алышмакчы.
Мындай чечимге келээрдин алдында депутаттар бул маселени дагы бир жолу талкуулашты. Талаш баягы эле «Манас» аэропортунун вице-президенти Надыр Мамыровдун Жаныш Бакиев буйрук бергени тууралуу катты өз колу менен жазган-жазбаганынан чыгууда. Депутат Каныбек Иманалиев эгер Улуттук коопсуздук кызматында күнөө болбосо анда мурдагы төрагасы Бусурманкул Таабалдиев эмне үчүн кечирим сурады дейт:

- Генерал Таабалдиев деген кыргыздын бир жигити ушул жерден кечирим сурабадыбы, Өмүрбек мени кечирип кой деп, УКК атынан кечирим сурабадыбы. УККдан күнөө кетпесе эмне үчүн кечирим сурайт. Чындыкты эч ким катып кое албайт, баарын убакыт далилдейт.


Депутат Болот Шерниязов Надыр Мамыровдун катынын түп нускасын табуу мүмкүн эместигин, каттын көчүрмөсү көз карандысыз экспертизага жиберилээрин билдирди:

- Түп нускасын тапкыла деп айтып атпайбы, аны табалбайбыз. Бирок катты көз карандысыз экспертизага жиберебиз. Эгер Мамыровдун өз колу менен жазылганы аныкталса күнөөлүүлөрдү издештин кереги жок. Баары түшүнүктүү да…

Талкуу учурунда мыйзамга ылайык, мындай учурда парламент комиссиянын тыянагынан соң гана чечим кабыл алууга тийиштиги тууралуу маселе козголуп, токтом кабыл алууну жылдыруу сунуштары айтылды. Натыйжада мындай сунуш колдоого ээ болду.

Талкууланып жаткан долбоордун алгачкы вариантында президент менен өкмөт башчысын кызматтан кетирүү, Жаныш Бакиевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоо тууралуу бир топ катуу талаптар бар эле. Депутат Өмүрбек Текебаев долбоордун экинчи варианты бир аз жумшартылганын айтат.

- Экинчи вариантында президент, премьер-министр отставкага кетсин деген пункт жок. Бирок эң негизгиси конституциялык реформа жүргүзүүнү тездетүү шарт коюлган. Албетте, тигил же бул кызмат адамдары жумуштан кетсин деген талаптар бар. Бул токтом - депутаттардын азыркы кырдаалга келүүнүн себептерин изилдеп, андан чыгуунун жолдорун издөөгө болгон аракети.

Долбоордун чийкилигин белгилеген депутат Исхак Масалиев ал добушка коюлса баары бир өтмөк эмес дейт:

- Мыйзам боюнча ны кабыл алыштын алдында комиссия корутундусун бекитишибиз керек эле. Экинчиден, добушка коюлган чакта деле ал өтмөк эмес. Не дегенде ага ар кандай маселе кирип жатат. Бир эле жерде үч-төрт адамдын тагдыры жөнүндө сөз болуп жатат. Баарын өз-өзүнчө бөлүп койсо башкача болмок.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов маңзат чатагынан улам чыккан бул маселе боюнча парламент баары бир чечим кабыл алаарын, ал мындай окуялар дагы кайталанбасы үчүн да зарылдыгын айтат:

- Эгер биз Кыргызстанга күйсөк компромисске келип, маселени чечишибиз керек. Бирок кандай болгондо да иштин аягына чыгып, провокацияны кимдер уюштурганын билишибиз керек. Ушул окуянын негизинде аткаруу бийлиги да, президент да, Жогорку Кеңеш да мыйзамдарга, структураларга өзгөртүү киргизип, мындай окуянын кайталанбашына бөгөт койчу жоболорду түзүшүбүз керек.

Ошентип бул маселе боюнча токтом долбоору үчүнчү жолу өзгөртүлүүдө. Бул долбоор эмки бейшембиде добушка койулмакчы.