18:00 Боспиектеги курултайдын тынчтыгын коргоо райондук милицияга тапшырылды

Бул тууралуу Жалалабад облусунун губернаторунун биринчи орун басары Жаныш Курбанов билдирди. Анын айтымына караганда, курултайды өткөрүүгө эч кандай тоскоолдуктар жасалбайт. Оппозициялык күчтөр 17-сентябрда Аксыда курултай өткөрүп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулашат.