ЖАЛАЛАБАТ : ПАРЛАМЕНТТИ ТАРКАТУУ АРАКЕТИ КАЙРАДАН БАШТАЛАТ

  • Ырысбай Абдыраимов
14-сентябрда Жалалабат облусунда өткөн жыйынга катышкан коомчулук депутат Өмүрбек Текебаевге байланыштуу жагдайларды талкуулаган парламенттин ишине нааразы болду. Жыйындагылар «Жогорку Кеңеш оппозициянын штабына айлануу менен өлкөнүн тынчтыгын ойлобой, жеке мүдөөлөрүн көздөшүүдө», деп белгилешти. Парламентти таркатуу жана депутаттардын кол тийбестик укугун жоюу демилгеси көтөрүлдү. Облустагы бөлөк тургундардын пикири боюнча парламент бийликтин ишине баа берүүгө акылуу. Жогорку Кеңеш таркатылса, өлкөдө башаламандык башталат.
Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды талкуулаган жыйынга бийликтин, облустагы саясий уюмдардын, жаштар, аялдар, карыялар комитеттери менен улуттук азчылыктардын өкүлдөрү катышты. Алар Ө.Текебаевдин айланасында болуп жаткан парламенттеги ызы-чууга нааразы болушуп, Жогорку Кеңешти «эл ынтымагын бузуп, жалган маалыматтарды таркатуу менен коомчулукту дүрбөлөңгө салууда» деп айыптап чыгышты.

Губернатор Искендер Айдаралиев айрым депутаттардын жеке кызыкчылыгын көздөп, бийликке айткан сын көз карашы менен макул болгон жок:

- Добуш менен шайланган кээ бир депутаттарыбыз аткаруу бийликтерине асылып, жөн жаткан элди дүүлүктүрүп, күнөөсү жокторго жалааларды жаап, элдин арасында ар кандай нерселерди көтөрүп чыгып атышат.

Экс-спикердин жүгүнө салынган маңзатын териштирүү боюнча түзүлгөн комиссиялардын жыйынтыгы чыгалек. Ал комиссиялардын так маалыматтары угулбай жатып, Эрк партиясынын облустагы координатору Медер Үсөновдун белгилешинче депутаттардын укук коргоо уюмдарынын милдетин аткарганы –өздөрү иштеп чыгарган мыйзамды унуткандык менен барабар:

- Бардыгы сот, прокурор, тергөөчү болуп алышты. Биздин Кыргызстандын жүзүнө депутаттарыбыз кандай экендигин дүйнөгө уят, маскара кылып көрсөтүп коюшту. Тергөө деген жабык өтөт да, ал эми депутаттар бардыгын ачык чыгарып коюшту.

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын облустагы мүчөлөрү парламентти таркатуу боюнча кол топтоо иш-чарасын кайрадан жандандыра турган болушту. Аталган уюмдун өкүлү Табылды Шайымкулов парламент өз милдетин унутуп, экс-президент А.Акаевдин саясий штабы бойдон кала бергенин айтып чыкты:

- Кабыл алышабы, алышпайбы, чара колдонобу, колдонбойбу көптөгөн кайрылууларды жазышыбыз керек. Керек болсо ушул парламентти таркатышыбыз керек. Себеби бул Акаевдин штабына айланып калган. Себеби парламент Акаевдин учурунда сатылып келген.

Жыйынга «Эне үмүтү» аттуу коомдук уюмдун Оштогу өкүлдөрү да келишкен. Аталган уюмдун башчысы Айнура Нуриеванын ою боюнча кол тийбестик укугунан ажыратылган депутат гана жоопкерчиликти сезүүсү мүмкүн. Ошондуктан мындай артыкчылыктан аларды арылтыш керек:

- Маңзатын салгандыгы чынбы, жалганбы бизге белгисиз. Себеби депутаттардын маңзаты менен иштегендери толтура. Маңзаты менен байып атат булар. Кол тийбестигин алсын. Ошону менен көп нерсени пайдаланып атышат.

Ушул эле коомдун Жалалабат облусундагы жетекчиси Гүлпери Жолоева Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча мурда башталган кол топтоолор токтотулган соң, облустагы аялдар депутаттарды парламент имаратынан кууп чыгуу ниетинде турганын билдирди:

- Жаныш Салиевичти Текебаевди маңзаты менен карматты деп жок жерден сөздөрдү чыгарып атышат. Ошон үчүн биз парламентти таркатабыз. Өздөрү бизге тийишип атат.

Өлкөдө бийлик алмашканы менен башкаруунун ыкма, жол-жоболору өзгөргөн жок. Мындай ойду тутунган Майлуусуу шаарынын тургуну Сабыр Мамытов парламентти таркатуу оюна каршы болду:

- Акаевдин заманында кандай болсо ошондой оюндар башталды. Эч система өзгөргөн жок. Азыркы бийликте тең салмактуулук үчүн парламент керек. Өз мөөнөтүн мыйзам түрүндө алар өтөш керек.

Мамлекет демократиялык жол менен өнүгүүсү үчүн ачык айкындык, сын-пикир, оппозиция сөзсүз зарыл. Оппозициянын милдетин аткарган Жогорку Кеңеш президент менен өкмөттүн ишин сынга алууга акылуу. Депутат Ө.Текебаевдин Базаркоргон районундагы жардамчысы Сеит Кадырбековдун жогоркудай көз карашында парламент жоюлса, өлкөдө баш аламандык башталат:

- Бийликтин эмне иш кылып атканын, элге кандай жардам берип жатканын, дегеле чет өлкөдөн кандай инвестициялар келип атканын текшерип, аныктап баа берип турган парламент болуп эсептелет. Парламентсиз биздин Кыргыз Республикасынын элестетүү өтө кыйын. Ушуну жалпы эл түшүнүшүбүз керек. Эгерде парламент бүгүнкү күндө таркап кете турган болсо, Кыргызстан ансыз деле тополоң болуп турганда, элибиз хаоско түшүп, жаңжалдан башыбыз чыкпай калат, - деди Сеит Кадырбеков.