Дүйнөлүк банктын (ДБ) “Ишкерчилик кылуу-2007” деген долбоору дүйнө өлкөлөрүндөгү бизнес чөйрөнү изилдеп, ишкерлердин колун байлаган кыйынчылыктарды жалпылап ачып берет. Банктын соңку изилдөөсүндө Кыргызстанда лицензия алууда, чек ара соодасында ишкерлерден ашыкча көп убакытты талап кылган жараяндар бар экени, салык системасы да реформага муктаж экени айтылат.
Дүйнөлүк банктын “Ишкерчилик кылуу- 2007” деп аталган изилдөөсү 175 өлкөнү камтыйт. Анда ишкананы ачуу жана жабуу, жумуш күчүн башкаруу, кредит алуу мүмкүнчүлүгү жана башка ушул сыяктуу 10 көрсөткүч изилденип, анын негизинде ар бир өлкө тийиштүү баасын алган. Дүйнөлүк банктын эксперти Ирина Лихачеванын айтымында:
- Быйыл Кыргызстан 90 орунду алып, былтыркы 104 орундан өйдө көтөрүлдү.
2005-06-жылдары мурунку жылдарга салыштырганда дүйнө өлкөлөрүндө жалпысынан салыктардын өлчөмү кыскарганы, кредит алуу жеңилдегени, мүлк ээлеринин укугун коргоо жакшырганы жана экспорттук-импорттук операциялар үчүн төлөмдөр азайганын Дүйнөлүк банктын изилдөөсү көрсөткөн.
Ишерчилик чөйрөсүндөгү абал жергиликтүү орто ишкерлер кез келген кыйынчылыктардын негизинде аныкталган:
- Биз изилдөөдө 175 өлкөдөгү жагдайды салыштырып көрдүк. Биз жергиликтүү орто ишкананы мыйзам чегинде каттоонун, иштетүүнүн жана салык төлөөнүн шарттарын, соодадагы кыйынчылыктарды жана ушул сыяктуу көрсөткүчтөрдү изилдедик жана изилдөө жергиликтүү бизнес чөйрөнү гана камтыды. Биз чет элдик ишкананын машакатына көңүл бурбадык.
Кыргызстанда 2005-6-жылдары мүлктү каттоо, кредит алуу жеңилдегени менен, ишкерликке уруксат алуу, өлкөгө товар алып келип, сыртка товар чыгаруу экономикасы өнүккөн өлкөлөргө салыштырганда ишкерлерден көп убакытты талап кылат,дейт Лихачева:
- Өткөн жылы Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн реформаларга карабай, экономикада реформага муктаж бир катар тармактар бар. Мисалы, ишкерликке лицензия берүүдө Кыргызстан 175 өлкөнүн ичинен 143-орунда турат. Ошондой эле тышкы сооданын шарты да начар. Салык төлөө, ишкананы жабуу сыяктуу жараяндарда да олуттуу реформа жүргүзүлүшү абзел.
Постсоветтик өлкөлөрдө-Балтика республикаларын кошпогондо- Армения менен Грузияда ишкерчиликке жакшы жагдай түзүлгөн. Алар 175 өлкөнүн ичинде 34 жана 37-орунда турушат. ДБ өзгөчө Грузияда экономикалык реформа чапчаң жана кеңири масшатбда жүрүп жатканын белгилейт. Банктын улук экономисти Карали Маклиш реформанын арышы жаңы өкмөт чү дегенден таштаган кадамына жана саясый эркине байланыштуу экенин айтат:
- Реформа жакшы жүрүп жаткан өлкөлөрдүн мисалы- “Бизнес жасоо” долбоору башталгандан берки үч жылда реформанын 85 проценти өмөт алмашкандан кийинки алгачкы 15 айда жүргүзүлгөнүн көрөбүз. Ушундан улам өкмөт жаңы бийликке келип, жакшы колдоого ээ болуп турганда реформаны ишке ашыруу зарыл деп тыянак кылса болот.
Маклиш айымдын сөзүнчө, бизнес чөйрөсүн ишкана ачууну, салык төлөөнү жөнөйлөштүрүү жана башка ушу сыяктуу майда- барат административдик иштер менен да жакшыртса болот. Ал үчүн чоң саясый өнөктүктүн кереги жок.