Торонтодо ушул күндөрү эл аралык кинофестиваль өтүп жатат

Ага дүйнө жүзүнөн келген 400дөй тасма катышууда. Ушул эле учурда Торонтодо АКШнын экс- президенти Билл Клионтон туулган күнүн белгиледи. Ага кинонун атактуу жылдыздары бир орунга 200 миң долларга чейин төлөп киришти. Бул майрамдан түшкөн каражат Африка өлкөлөрүндө СПИДге каршы күрөшкө жумшалмак болду.