Нарын АЙЫП, Прага Пакистан президенти Первез Мушарраф Брюсселге келип, Европа парламентинин жетекчилерин - Ооганстанда кайрадан башын көтөрүп келаткан Талибан кыймылын талкалоого дүйнөлүк коомчулук чечкиндүү чара көрүш керек деп билдирди.
12-сентябрда Пакистан президенти Европа парламентинин тышкы маселелер боюнча комитетинде сүйлөп, Ооганстанда Талибан кыймылы кайрадан күчүнө кирип баратканы жана андан чыгып жаткан маселелерди козгоду. Айрым маалымат каражаттары билдиргенге караганда, Талибандын жетекчиси молдо Омар жана "Ал-Каида" уюмунун лидери Усама бин Ладен эмгиче ооган-пакистан чек арасындагы тоолордо жашынууда. Мушаррафтын айтымында болсо, 1995-жылдан бери молдо Омардын буту Пакистандын аймагын баса элек.
Бин Ладен тууралуу президент айткан жок, бирок анын пикиринде, региондогу коопсуздукка жана дүйнөлүк коомчулукка азыр кайрадан күчүнө кирип бараткан Талибан кыймылы "Ал-Каидага" караганда алда канча орчундуу коркунуч түзүүдө. "Урматтуу мырзалар жана айымдар, чыныгы коркунуч азыр - кайрадан башын көтөрүп жана күчтөнүп бараткан Талибан кыймылынан чыгып жатат, анткени алар жергиликтүү ооган калкы арасында колдоого ээ. Андан пайдаланып, талибдер бардык чет өлкөлүктөргө каршы пуштундардын согушун баштоого даярданып жатат", - деди Мушарраф.
Пуштундар Ооганстандын негизги калкын түзөт, алардын саны 10 миллиондун тегерегинде. Бирок кошуна Пакистандын жалпы калкынын саны көп болгондуктан, Пакистанда жашаган пуштундардын саны Ооганстандагыдан көп, айрым маалыматтарга караганда, алардын саны 15-16 миллионго жетет. 1990-жылдардын ортосунда Талибан кыймылынын өзөгүн түзгөн медресе окуучулары Пакистанда даярдалган жана кийин алар Ооганстандагы бийликти тартып алышкан. Бирок андан Пакистан өзү да жапа чеккен жана чегүүдө. 2001-жылдын октябрында АКШ Ооганстанга каршы согуш жарыялап, Талибанды бийликтен кулаткан.
Президент Мушаррафтын айтымында, азыр кайрадан ооган коому талибандашып баратат: "Биз мындай талибандашууну токтотуш керекпиз. Бул кадимки эле согуш. Ал согушта жеңишке жетиш үчүн негизги көңүлдү жана күчтөрдү ошол жакка буруш керек. Негизги сокку - Ооганстандын түштүк аймактарында жашынган молдо Омар жана анын жакындарына урулуш керек", - дейт Пакистан президенти.
Анын айтымында, Ооганстандагы кагылышуулар акыркы мезгилде күчөп баратканында Пакистандын күнөөсү жок, анткени анын калкы радикалдуу мусулмандар эмес. Исламабад өзү да талибдерди жок кылууга кызыкдар, бирок андай кеңири согуш жүргүзүүгө анын мүмкүнчүлүктөрү аз.
Айрым башка эксперттердин пикиринде болсо, 2001-жылы талибдерге каршы согуш баштап, бирок аны аягына чыгара электе АКШ 2003-жылы Иракка каршы да согуша баштагандыктан, талибдер толук талкаланбай калган.