Бейрутта Тони Блэрге каршы демонстрация болду

Британ өкмөт башчысы Тони Блэр кечээ Бейрутта Ливан бийлиги менен сүйлөшүүлөдү жүргүздү. Ал Улуу Британия Ливанга 90 миллион доллар жана андан сырткары аскерий- техникалык жардам берээрин билдирди. Ушул күнү Бейрутта 2 миңге чукул адам Тони Блэрге каршы демонстрация өткөрүштү.