8:00 Өмүрбек Текебаев Бишкекке кайтып келди

БИШКЕК. Польшада баңгизат менен кармалып, сот чечими менен акталып чыккан Жогорку Кеңештин депутатын түнкү саат үчтө «Манас» аэропортунан кесиптештери, жактоочулары жана журналисттер болуп, баш-аягы 300 чакты адам тосуп алды. Алар Өмүрбек Текебаевди Жогорку Кеңештин имаратына дейре коштоп келишти. «Атамекен» партиясы бүгүн эртең мененки саат тогузда эски аянтта митинг уюштуруп, Текебаев тарапкерлери менен жолугушат.