16:00 Кыргызстанга Ирандан парламенттик делегациясы келет

12-сентябрда Кыргызстанга Иран Ислам Республикасынын парламентинин төрагасы Голамали Хаддат Адел баштаган делегация келет. Ал 13-14-сентябрда Бишкекте расмий жолугушууларды өткөрөт. Иран парламентинин төрагасынын Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, маалымат жыйынын өткөрүүсү да белгиленүүдө.