Кошмо Штаттарында 11-сентябрындагы чабуулдардын беш жылдыгы белгиленүүдө

Жанкечтилер эки учакты Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода уюмунун эки мунарасына урдурганда 3 миңге чукул киши курман болгон. Дагы бир учак Вашингтондо Пентагонго урунган, төртүнчүсү Пенсилвания штатында кыйраган. Бул чабуулдарды Ал-Каида жана анын жол башчысы Осама бин Ладен уюштурган деп эсептелинет.