ЭҢ ИРИ ТЕРРОР АКТЫСЫ ТУУРАЛУУ ГОЛЛИВУД ЭКИ КӨРКӨМ ТАСМА ЧЫГАРДЫ

Төрөкул Дооров, Прага Мындан беш жыл мурда АКШда болгон эң ири теракт жөнүндө быйыл Голливуд эки башка - "United 93" жана “Дүйнөлүк Соода Борбор” - деп аталган көркөм фильмдерди чыгарды. Ушул 5 жыл ичинде Голливуд ал трагедия менен байланышкан оор сүрөттөрдү көрсөтүүдөн баш тартып келгенин эске алганда, бул жолу ошондогу окуялар катарма-катар эки тасмада көрсөтүлүшү теракттан кийинки оор мезгил бүттү дегенди түшүндүрөт.
Башынан эле 11-сентябрдагы окуялар кино өндүрүшү үчүн чоң кызыгуу жаратып келгени белгилүү. Килейген учактар Дүйнөлүк Соода Борборунун асман тиреген эгиз имараттарын сүзө урушканын дүйнө түз ободогу телепрограммалардан көрүп жатты. Демек, бул окуяны Голливуд да кийин эстен чыгарып кое алмак эмес.

Ал каргашалуу окуяларда бузулган кош имараттарды кийин Голливуд терактка чейин эле тартылган тасмалардан да кыркып салууну туура көрдү. Мисалы, "Spiderman" (“Жөргөмүш киши”), андан сырткары, "Men in Black 2" (“Кара кийимчен кишилер” фильминин экинчи бөлүгүнөн) ал имараттар тартылып калган бөлүктөрү кыркылып салынды.

Эми арадан беш жыл өткөндөн кийин буга мамиле акырындык менен өзгөрө баштаган өңдүү. Голливуд ошол теракт жөнүндө бир эмес, эки тасманы чыгарды. Алардын бири, "United 93" британиялык режиссер Пол Гринграсс (Paul Greengrass) тарабынан тартылса, экинчисин, “Дүйнөлүк оода Борбору” деген тасманы, америкалык режиссер Оливер Стоун (Oliver Stone) чыгарды.

Кино жөнүндө жазган британиялык “Көз караш жана добуш” деген журналдын талдоочусу Али Жаафардын (Ali Jaafar) айтымында, бул башталышы гана.

- Азыр ошол терактты сүрөттөгөн дагы эки башка көркөм тасма даяр болгону турат. Алар америкалык кино студиялар тарабынан жактырылды. Андыктан, ал окуядан бери 5 жыл өткөндөн кийин, эми адамдар терактты жана андан кийинки жашоону кинонун көзү менен көрүүгө да убакыт келгенин түшүнүшү керек деп ойлойм, - дейт британиялык кино-сынчы Али Жаафар.

"United 93" деген тасмада ошол күнү террористтер тарабынан кармалып алынган төрт башка учактын бириндеги окуялар сүрөттөлөт. Ал учакты террористтер Вашингтондогу АКШнын Конгрессинин имараты – Капитолийге – кулатканга аракет кылышкан. Бирок тасмада ал учактагы жүргүнчүлөр эми баары бир террорчулардан тирүү кутулбай тургандыктарын түшүнүп, аларга каршы аракет кылганы, учак өзү белгиленген жерге жетпей, Пенсильванияда эле кулап түшкөнү көрсөтүлөт.

Бул фильмде ойногондордун арасында белгилүү актерлор дээрлик жок, жана атайын эффекттер да аз эле колдонулган.

Ал эми экинчи тасмада, “Дүйнөлүк Соода Борбору” деген фильмде, белгилүү актер Николас Кейдж ойнойт. Тасма Соода Борборунун имаратында отту өчүрүп жаткан эки өчүргүчтүн окуясын баяндайт. Бул – чыныгы фактыга, адамдарга негизделген тасма. Ошол эки өчүргүч имараттын урандылары астында калган болчу.

Али Жаафардын ишениминде, бул эки тасмада тең көрүүчүлөргө айта турган кызыктуу жактары көп.

- Менимче, “United 93” тартылышы жагынан алып караганда - кинодогу өтө ийгиликтүү мисалдардын бири. “Дүйнөлүк Соода Борбору” деген фильмдин деле айта турганы көп, бирок көпчүлүк сынчылар аны баштан аяк эле ыйлап-сыктап, асанкайгычыл болуп кеткен деп айыпташууда. Ошол эле учурда, биз эгер 2001-жылдын 11-сентябрындагы трагедиянын масштабын америкалык көз-караш менен алып караганыбызда, муну деле түшүнсө болот.

Чынында, тарыхый окуяларды, өзгөчө, элдин аң-сезиминде дале курч сезимдерди калтырып келаткан окуяларды кинодо сүрөттөө өзү оңой-олтой иш эмес. Анткен менен азыр бул трагедия жөнүндө тасмалар жаралып жатканынын өзү коом ал фактыны четке какпай, тетирисинче, аны башкача көз-караш менен карай баштаганын көрсөтүп тургандыр. А балким, бул - ошол жарааттын айыкканынын белгисидир.