УШУ АПТАДА ИРАН ИЙГЕ КЕЛЕБИ?

Ирандын ядролук маселелер боюнча баш сүйлөшүүчүсү Али Ларижани жекшемби күнү Евробримдиктин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана менен Венеда кайрадан кездешти. Эки жак ишемби күнкү талкуу “жемиштүү” өткөнүн, келаткан аптада сүйлөшүү улантыла турганын билдиришти. Сүйлөшүүнүн максаты Тегерандын ядролук программасына каршы Улуттар Уюму колдонгону жаткан санкцияны болтурбоо.
Евробримдиктин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана Ирандын ядролук программасына байланыштуу Венада өткөн жекшемби күнкү сүйлөшүү натыйжалуу болгонун билдирди:

-Мен-доктор Ларижани менен жети сааттан ашык иштедим. Мен силерге бул сааттар натыйжалуу болду деп айта алам. Биз мурдакы айрым түшүнбөстүктөрдү тактап, оң жылыш жасадык. Биз ишти ушу нукта уланталы деген тилекте эмки аптада кайра жолукмакчыбыз. Мен жана айткандай эле бул баалуу жолугушуу болду. Биз бир жарым күн чогуу болдук.

Али Ларижани-ядролук сүйлөшүүлөрдөгү Ирандын башөкүлү. Венадагы сүйлөшүүнүн максаты Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин санкциясына жеткирбей Иранды уранды байытууну токтотууга көндүрүү. Анүчүн алты ири деражава Тегеранга ыңгайлуу коммерциялык жана технологиялык кызматташууну сунуш кылган. Бирок, Иран атомдук бомба жасоо ниети жок экенин кайталап, ага ынанбай койгон. Солана 9-сентябрда Ирандын сунушту четке кагуу себебин ачык-айкын түшүндүрүп берүүнү Ларижаниден сураганы маалымдалган.

Ларижани жекшемби күнү Солана менен болгон сүйлөшүүдөн кийин эки ортодо жалпы көз караштар пайда болгонун белгилеп, анын мазмунун ачып айтпады:

-Биз маанилүү жылыш жасадык деп айтаар элем. Биз эки арадагы бир катар маселелер боюнча жалпы бир пикирге келдик жана Хавьер Солана айткандай көптөгөн түшүнбөстүктөрдүн башын ачып алдык.

Иран президенти Ахмединежад жакында эскерткендей, уранды тынчтык максатта пайдаланууну Тегеран өзүнүн зарурат укугу деп билет жана тышкы кысым астында да ал укугунан баш тарпайт.

Британия колдогон АКШ жетекчилиги Иран өз айтканынан кайтпаса, БУУ санкция колдонуш керек деп көшөрүүдө. Кытай менен Россия катаал чарага жана Иранга кысым жасоого каршы. Вашингтондун кээ бир европалык союздаштары Иранды курчоого алуу, мунай базарын тополоңго салат деп, Тегеранды ыңгайлуу сунушка көндүрүүгө кызыкдар.

Коопсуздук Кеңешинин резолюциясыга баш ийип, Иран 31-августа уран байытууну токтотсо, бакубат өлкөлөрдүн сунушун ишке ашыруу жагы сүйлөшүлө башталмак.