МЕЛИС ЭШИМКАНОВ: МЫЙЗАМСЫЗ АҢДЫГАНДАР ЖООП БЕРҮҮСҮ КЕРЕК

Бүгүн кечинде Жогорку кенештин депутаты Мелис Эшимканов артынан андып жүргөн Улуттук коопсуздук кызматынын бир кызматкерин кармап алгандыгы тууралуу маалымдады. Депутаттын айтымында, белгисиз бирөөлөр эртең менентен бери эки машина менен анын артынан аңдып жүрүшкөн, алардын бири кармалып, ал Дмитрий Огородников деген коопсуздук кызматкери болуп чыкты. Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү “аңдуу аракети болгон эмес” деп, бул доону четке кагууда. Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү оппозициячыл депутатты аңдуу менен байланыштуу бул окуяга карата терең тынчсыздануусун билдирди.
Ишемби күнү (09-сентябрда) кечке жуук автоунаалардын бири 81 06 BF номерлүү кызыл «Фольсфаген» МАИнин кызматкери тарабынан Бишкек көчөлөрүнүн биринде токтотулганда, депутат Мелис Эшимкановдун жанындагы адамдар бул кырдаалдан пайдаланып, алардын жанына барган жана алиги унаадагылар эртең менентен тартып депутаттын сары изине түшүп аңдып жүргөнүн айтышкан.

Токтотулган унаанын ичиндеги бир аял менен эки эркек чыгып качып кетип, айдоочу гана жалгыз калган. Айдоочу коопсуздук кызматкери Дмитрий Огородник болуп чыкты.

УККнын өкүлү Нияз Казакбаев «Азаттык» үчүн курган маегинде Огородников чын эле коопсуздук кызматы үчүн иштээрин тастыктап, бирок коопсуздук кызматкерлери таптакыр башка иш-аракет менен жүргөн, депутат Мелис Эшимканов аларга жолтоо кылып койду деп айтты.

Коопсуздук кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Ойталбек Осмонов да депутатты аңдуу аракети болгон эмес деп кошумчалады.

Депутат Мелис Эшимканов өзү болсо бул окуяга байланыштуу тиешелүү кызматтарга кылмыш ишин козгоо арызы менен кайрылаарын билдирди.

Депутаттын айтымында, буга чейин да ал УККнын төрагасы Бусурманкул Табалдиевге кайрылып, «аңдыганыңарды токтотпойсуңарбы» деген.

«Табалдиев «мындай иш-аракеттерден алыспыз» деп мага жооп берген болчу», - дейт депутат Мелис Эшимканов.

Анын айтымында, бүгүн башка да эки-үч оппозициячыл маанайдагы депутат өздөрүнүн артынан аңдып жатышканын ага билдиришкен.

«Интербилим» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева чукул уюштурулган бул кечки маалымат жыйынына катышты. Сасыкбаева айым кечээ өзүнө карата да телефон аркылуу коркутуп-үркүтүүлөр болгонун айтып, бүгүнкү Мелис Эшимкановдун артынан аңдуу аракетин кескин сынга алды.

Сасыкбаеванын айтымында, ыңкылапка чейин да реформаны, демократияны каалаган оппозиция куугунтукталып келген, азыр да алардын акыбалы жакшырып кеткен жок.