"Мамлекеттик бийлик структурларында, анын ичинде Президент администрациясында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө, укук коргоо органдарында бир топ кызматкерлер мурдагы бийликтин жактоочулары болуп саналат, ошондуктан кимдир бирөө реванш көздөп жаткан жок деген кепилдик жок. Биздин оюбузча, өлкөдөгү кырдаалды курчутуп бийликке келүү максатын көздөгөн күчтөр бийлик менен оппозицияны кагыштырып жатат»,- деп айтылат Президентке караштуу адам укуктары боюнча комиссия таркаткан билдирүүдө. Аталган комиссия Өмүрбек Текебаевдин кармалышын өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан мурдатан пландалган, уюштурулган провокация деп эсептейт. Ошол эле учурда комиссия бул инцидентке Президент Бакиев менен премьер-министрдин катышы жок деген ишенимде экенин белгилейт