12:10 Феликс Кулов : «Текебаевдин күнөөсү жок экенине жүз пайыз ишенем»

«Ал кимдир бирөөнүн ыплас провокациясына туш болгонунан кенедей да шек санабаймын»,- деп билдирди бүгүн премьер-министр Феликс Кулов Өмүрбек Текебаевдин кармалышы жөнүндө маселеге токтолуп. Премьер-министр окуянын чын-бышыгын териштирүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүү жөнүндө сунуш кылып президентке кызмат катын жибере турганын белгилеген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таркатты.