Депутат Таирбек Сарпашев бүгүнкү парламент жыйынында Текебаев «Манас» аэропортунда жүгүн тапшырып жаткандагы тартылып алынган видеоматериалдарды көрүп чыкканын билдирди. Видеотасмада аэропорттогу депутаттык залдагы кезметтин начальниги депутаттын чемоданын белгисиз жакка алып кетип, 14 мүнөттөн кийин кайта алып келгени жазылып калган. Багаж ошондон кийин самолетко тапшырылган. Сарпашевдин айтымында, Текебаевдин чемоданы айтылган убакта чегарачынын же милиционердин колунда болуп келиши ыктымал.