Казакстандын түштүгүндө ВИЧ инфекциясына кабылган жаш балдардын саны 49 га жетти

Кабарларга караганда, медиктердин ишке жоопкерсиз мамилесинен улам жаш балдар ВИЧке чалдыгышкан. Анткени аларга ошол жердеги ооруканада кан куюшкан экен. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин кабарына караганда, региондо азыр дагы 6 миң баланы бул ооруга чалдыккан-чалдыкпаганын текшерип жатышат.

Төрөкул Дооров, Прага