Кыргыз парламентинин бир катар депутаттары Текебаевдин баңгизат менен кармалышын атайын кызматтар уюштурган провокация деп эсептешет. Бүгүн бир нече депутат Европа парламентине, Польшанын парламентине жана Өкмөтүнө кайрылуу жолдошуп, Текебаевдин маселесин саясий уңгудан карап чечүүгө чакырышты. Алар кайрылууда Текебаевди жаманатты кылып саясий аренадан сүрүп чыгаруу үчүн атайын кызматтар анын багажына тымызын түрдө баңгизат салып коюшкан деп белгилешкен.