5-сентябрда Жалалабаттагы техникалык институттун студенттери, алардын ата-энелери жана мугалимдери облустук бийликтин алдына чыгып нааразылык билдиришти. Алар окуу жайды жабуу жөнүндөгү Билим берүү министрлигинин чечимин айыпташты, студенттерди окуу, мугалимдерди жумуш менен камсыз кылууну талап кылышты.
Нааразылык акциясына катышкан 80ден ашык адам окуу жайды жабуу жөнүндөгү Билим берүү жана жаштар саясаты боюнча министрликтин буйругу менен келишпей тургандыгын билдиришти. Алардын белгилешинче, облустун техникалык жана энергетикалык адистерге болгон муктаждыктары эске алынбай калган.
Окуу жайдын мугалими Барчынай Эрматова институттун студенттери менен алардын ата-энелери окуу жайды кайра калыбына келтирүү талабы менен тургандыгын билдирди. Окутуучунун пикири боюнча аталган буйрук менен токтом шашылыш чыгарылган:
- Бул жерге биз Жалалабат техникалык институтун ачып беришин талап кылып келдик. Бул институтка көп студенттин контрактарынан карызы бар болчу. Акчасын төгүп, андан ары окуусун улантсын деген талап менен келдик. Окуп аткан студенттер окуусун бүткөндөн кийин жойсо болот эле, азыр студенттер көчөдө жүрүп калды.
Техникалык институт 1999-жылы ачылган. Окуу жайда 280 мугалим иштейт. Күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө беш адистик боюнча үч миң студент окуйт. Институттун кызматкери Токтобай кызы Гүлүйпанын айтымында эмгек жамааты жумушсуз калды. Көпчүлүгү 3-4 айлык маянасы менен дем алуу убагына төлөнүүчү акыларын алыша элек.
Мугалимдердин кайсы окуу жайына барып, ишке жайгашаары жөнүндөгү маселе али чечиле элек.
Алтынбек Кожонов энергетика факультетинин 3-курсунда окуйт. Алтынбектин айтымында башка окуу жайларга орношууга барган анын курсташтарын сабактардын айырмасын тапшырууну же башка адистиктерге жана бир курс төмөн окууну сунуш кылышкан:
- Окуубузду ушул жерден бүтсөк жакшы болот эле, үйрөнүп калганбыз. Жаңы абитуриенттерди кабыл албай, бизди бүтүрсө жакшы болот эле.
Окуу жайдын жабылышы менен Андреева аттуу аялдын ушул институтта окуган балдары эмне кылаарын билбей калышкан:
- ЖАТИде окуган 2 уулумдун мамлекеттик экзаменди тапшыруусу гана калган. Aлдын-ала кабарлап, 3-4-курстарды бүтүртүп, жаңы студенттерди кабыл алдырбай туруп жапса туура болмок. Эскертпестен окуу жайды жапканы күтүүсүз болду. Үч жумадан бери ары-бери чуркап, кантер айлабызды таппай калдык, - деди Андреева.
Окуу жайды жоюу комиссиясынын өкүлү Абдулла Камбаров нааразы адамдарга Билим берүү жана жаштар саясаты министрлигинин буйругун окуп берди. Буйрукка ылайык студенттер менен мугалимдер башка окуу жайларга жайгаштырылат.
Окуу жайдагылардын мындан аркы тагдыры тууралу облустук атайын кеңешмеде да сөз болгон. Облбийликтин социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Токторалы Момукеевдин берген жообуна ылайык Жалалабат мамлекеттик университетинин жетекчилигине техникалык институттун өкүлдөрүн жайгаштыруу милдети жүктөлдү.