Конституциянын долбоору боюнча дагы деле кызуу талаш-тартыш уланууда. Коомчулукту долбоордун мындан аркы тагдыры жана башмыйзам кандай жол менен кабыл алынат деген суроо кызыктырып жатат. Бул маанай конституциялык реформа боюнча АКШнын Улуттук демократиялык институтунун көмөгү менен бүгүн өткөрүлгөн жыйында да ачык билинди.
Жумушчу топ жаңы Конституциянын үч долбоорун 27-июлда жазып бүтүп, президентке жана коомчулукка сунуштаган. Бирок жумушчу топтун мүчөлөрүнүн билдирүүсү боюнча Конституциялык кеңешмеге бүгүнкү күнгө чейин улам жаңы сунуштар жана бүтүндөй долбоорлор түшүп жатат.
Жумушчу топтун жетекчиси Азимбек Бекназаровдун жыйында айткан сөзү боюнча, Конституциянын долбоорунун мындан аркы тагдыры мамлекет башчысынын жана Конституциялык кеңешменин колунда:
-Биздин жумушчу топко Конституциянын үч түрдүү долбоорун кыргыз тилинде жазып бергиле деген гана тапшырма берилген. Биз аны аткардык. Конституциялык реформанын мындан аркы тагдыры президент менен Конституциялык кеңешменин колунда калды. Президент өзү биз менен сүйлөшкөн учурда август айында кеңешмени топтоп, долбоорду талкуулоого, эгерде мүчөлөр бир пикирге келе алса, сентябрда башмыйзамдын долбоорун парламентке сунуштайм деп айткан.
Башмыйзам долбоорунун кандай жол менен кабыл алынары азырынча белгисиз. Жумушчу топтун мүчөсү Топчубек Тургуналиев элдик референдум менен гана кабыл алынууга тийиш деген ойдо. Анын пикири боюнча азыркы парламент элдин толук ишенимине ээ эмес:
-Конституциялык кеңешме Башмыйзамды референдум жолу менен кабыл алынат деп чечим чыгарса, биз аны менен макул болууга гана тийишпиз. Анткени башка жол жок. Болбосо талаш-тартыштан жана күрөштөн башыбыз чыкпай калат.
Эгерде башмыйзам долбоору жалпы элдик референдумга коюлса, анда парламенттик башкаруу системасы өтпөй калышы толук мүмкүн. Ошондуктан Конституцияны парламент кабыл алууга тийиш деген оюн жумушчу топтун дагы бир мүчөсү Исхак Масалиев билдирди:
-Менин оюмча эң туура вариант: президент кандай болгон күндө да парламент менен тил табышууга тийиш. Анткени биз жаңы башмыйзамды кабыл алып жатабыз. Президент долбоорду сунуштаса, парламент карайт. Референдумга салганда бир гана маселе боюнча “ооба” же “жок” деген жооп алууга болот. Ал эми бул жерде бир канча талаш маселелер жатат. Ошондуктан бул суроону президент менен парламент гана чече алат.
Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен бийлик башчыларынын пикир келишпестигин да эске алып, бирок бул тоскоолдукту сүйлөшүүлөр жана жолугушуулардын натыйжасында жоюуга болот деп эскертти.
Бирок жаңы башмыйзамды кабыл алууга коомчулук али даяр эмес деген пикирлер да жок эмес. “Асаба” партиясынын теңтөрагасы Роза Отунбаева Конституциянын долбоору жалпы элге таратылбагандыгын белгилеп, Конституциялык реформа создугуп кеткендигине тынчсызданды:
-Конституциялык реформа былтыр эле жүргүзүлүүгө тийиш болчу. Март ыңкылабынын бирден бир талабы ушул болчу. Бирок 2005-жылы бул ишке ашкан жок. Мына 2006-жыл да өтүп баратат. Эми башмыйзамды реформалоо 2007-2008-жылдарга калып кетеби деген коркунуч пайда болууда. Бул-кечиримсиз факт.
Башмыйзам долбоорундагы Конституциялык соттун Жогорку соттун курамына киргизилиши, орус тилинен расмий деген макамды алып салуу жана мамлекеттик башкаруу системасынын түрлөрү сыяктуу мыйзамдар дагы деле талкуунун чордонунда келаткандыгы бүгүнкү жыйында дагы белгилүү болду. “Асаба” партиясынын теңтөрагасы Роза Отунбаева мына ушундай маанилүү маселелерди чечүү үчүн башмыйзамды жалпы эл кабыл алуусу керек деп эсептейт.