8:00 Президент К. Бакиевдин Түркиядагы расмий сапары бүгүн соңуна чыгат

Курманбек Бакиев сапарынын акыркы күнүндө түрк ишкерлери менен жолугушат. 5-сентябрда кыргыз-түрк тарап бир катар келишимдерге кол коюшту. Алардын арасында укуктук жактан кызматташуу жана эки мамлекеттин атуулдарынын өз ара каттамдарына байланыштуу келишимдер бар. Бул тууралуу Анкарадан юстиция министри Марат Кайыпов билдирди.