Түркия өкмөтүнүн башчысы Режеп Тайып Эрдогандын демилгеси менен көтөрүлгөн маселени бир топ саясатчылар колдоп, “региондо стабилдүүлүктү сактоо - өлкөнүн милдети” экенин айтышууда. Бирок бул ойго Акыйкат жана Өнүгүү партиясынын айрым мүчөлөрү менен түрк коомчулугунун кээ бир бөлүктөрү каршы чыгып жатышат.