Нарын АЙЫП, Прага 3-сентябрда Беслан барымтасы кандуу аяктаганына эки жыл толду. Бул күнү Орусиянын Маскөө менен Санкт-Петербург шаарларында Беслан окуясы тууралуу чындыкты жарыялоо талабы менен эки митинг болуп өттү, бирок орус маалымат каражаттары ал тууралуу дээрлик эч кабар берген жок. Беслан жөнүндө Мамлекеттик думанын депутаты Юрий Савельев даярдаган доклад жөнүндө да Орусиянын өкмөттүк гезиттеринде эч нерсе деп айтылбайт.
Беслан барымтасы 2004-жылдын 1-сентябрында башталгандан тартып орус өкмөтү ал тууралуу калп айта баштаган. Бийлик - барымтага 354 адам алынды деп кабарлаган, окуя кандуу аяктагандан кийин РИА "Новости" агенттиги билдиргенге караганда болсо, чындыгында террорчулардын колуна 1128 адам түшкөн. Сыналгы аркылуу калп маалымат айтылып жатканын көргөн террорчулар туткундарга каршы мамилесин ого бетер катаалданткан.
Курчоого алынган мектептин айланасында 3-сентябрда түшкү саат бирде ок атылып, имаратта өрт чыгып, анын дубалы талкаланып, ал тешиктен балдар, мугалимдер, ата-энелер чуркап чыкканда баш-аламандык башталган жана өкмөт аны - белгисиз себептерден террорчулар бомба жардырып жибергенден биринчи туткундар өлгөн жана башкаларды сактап калыш үчүн коопсуздук кызматы террорчуларга каршы чабуул баштоого аргасыз болгон деп түшүндүргөн.
Окуя боюнча түзүлгөн парламенттик комиссиянын отчетун жарыялоо улам кийинкиге калтырылууда, бирок ал комиссиянын мүчөсү, Мамлекеттик думанын депутаты Юрий Савельев өз алдынча доклад жарыялады, анткен менен өкмөттүк маалымат каражаттары ага эч көңүл бурбай жатат. Савельев - комиссия тапкан маалыматтарды эле пайдаланган, бирок өзү курал-жарак боюнча адис болгондуктан, анын жыйынтыктары комиссия чыгарган корутундудан өтө айырмаланат.
Савельевдин айтымында, биринчи ок коопсуздук кызматтары тарабынан атылган, мектеп имаратынын дубалы сырттан бузулган жана чабуул башталгандан өткөн 22 секунда ичинде террорчулар тарабынан эч аракет көрүлгөн эмес. Аскерлер мектепти танкиден жана башка оор куралдан аткан жана курман болгон 332 адамдын кеминде бир жүз алтысы коопсуздук кызматкерлери аткан окторго учкан.
Савельевдин доклады августтун аягында китеп катары басылып чыгып, Бесланда курман болгондордун туугандарына жөнөтүлгөндө, Орусиянын коопсуздук кызматы китептин нускаларынын баарын аэропортто кармап тартып алды.
Бийликтин аракеттерине "Беслан энелери" деген коомдук уюмдун мүчөсү Людмила Плиева өтө нааразы: "Жетекчилер жетиштүү аракет көрбөй жатат, адистүүлүк жетпей жатат, ошол эле учурда калп көп. Бирок аны эч ким моюнга алгысы жок", - дейт Плиева.
Савельевдин айтымында, барымта болоору жөнүндө маалымат коопсуздук кызматына үч саат мурда келип түшкөн, бирок алар тийиштүү аракет көргөн эмес. Мынча террорчу кантип текшерүү түйүндөрүнөн ушунча курал алып өткөнү дагы көптөгөн суроо жаратууда. Кылмышкерлердин бир нечеси курчоодон качып чыгып кеткени тууралуу да маалыматтар бар, бирок бийлик - алар 32 адам болчу, бирөө туткунга алынды, калган отуз бири өлтүрүлдү деп айтууда.
"Вашингтон пост" гезити 4-сентябрда жазгандай, былтыр АКШга "Катрина" аттуу бороон тийгизген зыян, аны менен байланыштуу бийликтин алсыздыгы тууралуу америкалык маалымат каражаттарында бир жылдан бери кызуу талкуу жүрүп жатат жана өкмөт катуу сынга алынууда. Бесландын эки жылдыгы менен байланыштуу болсо орус сыналгысы өтө аз жана өкмөттүн аракеттерин жактырган гана кабарларды таратты.