БИШКЕК. Быйыл мектептерде жыл сайын өткөрүлүүчү кайра оңдоого жана окуу китептерин басып чыгарууга мамлекеттин бюджетинен 100 миллион сом бөлүнгөн. Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри Досбол Нур уулунун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, учурда мектептер китеп менен 85 пайызга камсыз болду. Ал эми 2010-жылга чейин китеп менен толук камсыз болуш үчүн жыл сайын мамлекет китеп чыгарууга 200 миллион сом бөлүп турушу керек.