Түркмөн президенти өкмөттүк үналгы-сыналгыны катуу сынга алды

Түркмөн президенти Сапармурад Ниязов кечээ күнү өлкөнүн улуттук үналгы-сыналгысынын аракеттерин катуу сынга алды. Анын айтымында, бул маалымат каражаттары өз милдеттерин аткарбай, өлкөдө болуп жаткан ири өзгөрүүлөрдү толук чагылдыра албай жатат жана 27-октябрда белгилене турган эгемендүүлүктүн 15 жылдыгы алдында анын эскертүүлөрүн эске алууга тийиш. Париж шаарында жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" уюмунун айтымында, Түркмөнстандын маалымат каражаттары сөз эркиндиги боюнча дүйнөдөгү 165-орунда турат.