БИШКЕК. Кыргыз президенти Казакстандын борбор калаасында эртең өтчү Борбор Азия өлкө жетекчилеринин бейформал саммитине катышмакчы. Анда ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, аймактагы көйгөйлөр, суу-энергетика маселелери боюнча сүйлөшүүлөр болоору күтүлүүдө.