Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Иранга берген эскертүүсүнүн бир айлык мөөнөтү бүгүн аяктайт. Бирок эл аралык коомчулук койгон талаптарды Тегеран аткарган жок. Тескерисинче, Иран өзүнүн өзөктүк программаларын улантууда жана кеңейтүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын 31-июлунда Коопсуздук Кеңеши атайын резолюция кабыл алып, бир айдын ичинде Иран өзүнүн ишканаларындагы уран байытуу аракеттерин токтотууга тийиш деп билдирген. Өзгөчө - Арак шаарындагы оор суу менен иштеген реакторду токтотуу талап кылынган.
Андан эки ай мурда, июндун башында Батыш мамлекеттери Иранга кайрылып, эгер ал өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн токтотсо, ага бир топ экономикалык артыкчылык берүүнү сунуштаган. 22-августта Тегеран ага жооп берип, маселени кененирээк талкуулоого даяр экенин билдирди. 26-августта болсо президент Махмуд Ахмадинежад Арак шаарындагы ишкананы салтанаттуу түрдө ачты.
Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеи 31-августта - маселе боюнча Ирандын акыркы бир айдын ичинде жасаган аракеттери жөнүндөгү отчетту Бириккен Улуттарга жиберет. Эмки аптада болсо АКШ, Алмания, Британия, Кытай, Орусия жана Франциянын өкүлдөрү европалык бир мамлекетте жолугуп, Иранга каршы эл аралык чектөө киргизүү маселесин талкуулайт. Ал тууралуу кечээ күнү АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү Жон Болтон атайын билдирүү жасады:
"Берилген мөөнөт аяктады, бирок Иран өзүнүн уран байытуу иштерин токтоткон жок, демек резолюциянын шарттарын аткарбады. Негизги дүйнө мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери, алардын ичинде Кытай жана Орусиянын дагы министрлери мурда макулдашкандай, эми Иранга каршы санкция жарыялоо маселеси талкуулана баштайт", - деп билдирди Болтон 30-августта.
Ирандын өзүнүн айтымында, анын өзөктүк изилдөөлөрү эч кандай аскерий максатты көздөбөйт. Бирок анын Арак шаарындагы ишканасын дагы, Бушер шаарында Орусия куруп жаткан реакторду дагы, эксперттердин пикиринде, эки максатта тең пайдаланса болот. Анткен менен британиялык физик Фрэнк Барнабинин айтымында, изилдөөлөр азыркы абалында токтотулса, эч кандай коркунуч чыкпайт:
"Өз реакторлоруна керектүү өзөктүк отунду ирандыктар азыркы деңгээлде, 3-4 пайызга таза урандын деңгээлинде гана өндүрсө, андан коркпой эле койсо болот. Алардын ага укугу бар. Бирок алар уранды андан жогорку деңгээлде тазалай ала турган болсо, анда тынчсызданууга негиз пайда болот. Бирок ошондо дагы, менин оюмча, өзөктүк курал өндүрүү үчүн аларга он жылдай убакыт керек," - дейт британиялык эксперт.