ТАРТУУГА КЕТКЕН АРКАР, КУЛЖА, АСЫЛ БУЮМ, ЭС АЛУУ ЖАЙЛАРЫ

Эгемендүүлүктүн 15 жылында Кызыл китепке кирген Кыргызстандын жаныбарлары, айбанаттары, асыл тукум жылкылар жана азем буюмдары чет өлкөлүк жетекчилерге белекке тартуу болуп кетти. Учурда кыргыз өкмөтүнүн чечими менен Караколдогу 11 аркар-кулжа Москва шаарына белекке берилип жатат.
Кыргызстандын мурдакы президенти Аскар Акаев чет өлкөлөргө расмий сапарга барганда же башка мамлекеттердин жетекчилери кыргыз жергесине келгенде баалуу белек тартуулоону адатка айландырып алган дешет кыргыз уста-уздары. Он беш жылда берилген белектердин бардыгын санап айтып олтуруу мүмкүн эмес. Ысыккөлдөгү “Токтогул” теплоходдун кайра реконструкциялап жасатып Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Чыңгыздын атын коюп белекке тартуу кылганы аңыз болуп айтылып жүрөт. Ошондой эле Нурсултан Назарбаевге ак илбирстин күчүгүн да тартуу кылганын, Ысыккөлдөгү “Автодорожник” пансионаты да белекке берилгенин бишкектик уз Мунара Абдырасулова айтып берди.

Учурунда “Кыргыз алтын” мекемесинде зергер уста болуп иштеген эгиз усталар Асан жана Үсөн Дүйшеевдер Акүйдүн заказы менен ак, кызыл жана сары алтындан Өзбекстандын картасын жана гербин жасап беришкенин, ал Ислам Каримовдун 60 жылдык мааракесине арналып тартууланганын айтып олтурушту.

“Кыял” өндүрүштүк бирикмесиндеги уз-усталардын колунан жаралган асем буюмдар, асыл таштар чөгөрүлгөн кымбат баалуу сөйкө- шакектер өлкө жетекчилеринин заказдары менен жасалып чет мамлекеттерден келген делегация мүчөлөрүнө татууланып турганын зергер уста Үсөн Дүйшеев кошумчалады.

Ээр токум жасоочу уста Ислам Исраиловдун айтымында ар бири бир жарым, эки миң доллар турган 15 ат жабдыгын мурдакы өкмөт башчылары Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, губернатор кезинде Курманбек Бакиев, Феликс Кулов, Жогорку кеңештин депутаттары Аскар Салымбеков, Ташкул Керексизов, маркум Жыргалбек Сурабалдиев жана башка жетекчилер алып, чет өлкөлөрдөн келген меймандарга тартуу кылган.

Үйрөнгөн адат боюнча учурдагы бийлик өкүлдөрү деле чет өлкөлөргө расмий сапарга куру кол барышпайт. Жайында Кыргызстанга расмий сапар менен келген Москванын мэри Юрий Лужковдун көңүлүн алуу максатында премьер- министр Феликс Куловдун чечими Караколдо багылып жаткан 11 аркар- кулжа белекке берилгенин “Набу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Салтанат Сейитова билдирди.

Караколдогу 11 аркар- кулжа мэр Юрий Лужковго эмес, Москва шаарынын зоопаркына белек кылынганын өкмөттүн мамлекеттик кызмат башкармасынын жетекчиси Урмат Кармышов таксыктады.