18:00 Эгемендик күнүнө байланыштуу чегарада коопсуздук чаралары күчөтүлдү

ЖАЛАЛАБАТ: Кыргыз-өзбек чек ара аймактарын кайтарган эки өлкөнүн чек арачылары Кыргызстан менен Өзбекстанга кирип-чыккандарды кылдат текшерүүдө. Ош-Бишкек автоунаа жолунун көп эл жашаган жана коңшу республика менен чектешкен аймактарында ички иштер аскерлеринин жоокерлери менен коомдук тартип сакчылары унаа каражаттары менен шектүү туюлган айдоочу-жүргүнчүлөргө өзгөчө көңүл бурушууда. Өзгөчө катуу текшерүү Жалалабат шаарынын кире беришинде, Сузак кыштагы менен Жалалабат шаары чектешкен айланма жолдо, Өзбекстандын Маданият кыштагы менен чектешкен Бүргөндү айылында жүрүүдө.