ТҮРКИЯДАГЫ ЖАРДЫРУУЛАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИН КҮРД СЕПАРАТИСТТЕРИ ӨЗҮНӨ АЛЫШТЫ

Баян Жумакадыр кызы, Прага Түркияда өткөн жекшембиден бери беш бомба жарылып, андан бир нече киши курман болуп, ондогон кишилер жаракат алды. Мармарис менен Стамбулдагы жардыруулардын жоопкерчилигин өзүн Курдистан Эркиндигинин Шумкарлары деп атаган топ мойнуна алды. Анталиядагы жардыруунун артында да күрт козголоңчулары тургандыгы божомолдонот. Бул окуялар өлкөдөгү абал бейстабилдешип, күрт сепаратисттеринин 1984- жылы өкмөткө каршы баштаган согушу кайрадан жандандыбы? – деген кооптонууларга негиз болууда.
Түрктядагы жардыруулардын жоопкерчилигин күрт сепаратисттери өздөрүнө алышты жана алардын интернет сайттарында туристтерди этият болууга жана Түркияга келбөөгө үндөгөн эскертүүлөр жарык көрүүдө.

Жардырууларга удаа эле Күрт Жумушчу Партиясы түрк өкмөтүн өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай койгондугу үчүн күнөөлөп, беш жылга созулган ок атышууну токтотуу соңуна чыккандыгын жарыялады.

Көптөгөн эксперттердин көз карашында Курдистан Эркиндигинин Шумкарлары деп аталган уюмду Күрт Жумушчу Партиясы, ПКК каржылоодо жана уюм өзү партиянын куралдуу канаты болуп эсептелет.

-Эгерде Күрт Жумушчу Партиясы негизинен элет жеринде Түркиянын коопсуздук күчтөрүнө каршы операцияларды жүргүзүп келаткан болсо, Курдистандын Шумкалары кишилер жыш жашаган шаар жеринде, негизинен, өлкөнүн батышындагы Стамбул менен Измирде аракеттенүүдө. Алар Күрт Жумушчу Партиясы менен байланышы бар экенин төгүнгө чыгарып жатышат, бирок көпчүлүк алардын ПККнын жетекчилиги астында иштеп жатканын божомолдойт ,- дейт Экономист басылмасынын Түркиядагы кабарчысы Амберин Заман айым.

Бул жерден Заман айым, Түркиянын шаарларында болгон соңку жардыруулардан аларды Курдистан Шумкарлары ишке ашырганы ачык эле көрүнүп турганын белгилейт.

Кабарчынын айтымында, алардын максаты ПККнын жетекчиси Абдулла Өчалан бошотулуп, Түрк аскерлеринин күрттөргө каршы согушу басылмайынча, террордук аракеттерди уланта берүү.

Биз сөз кылып жаткан Күрт Шумкарлары уюмуна канча киши мүчө, алардын материалдык ресурстары канча экени белгисиз. Заман айымдын божомолунда, бул уюм ПККнын ресурстары менен инфраструктурасы кыйратылып, аларды колдогондордун саны азайганда пайда болгон. ПКК акыркы убакта түрк өкмөттүк аскерлерге түздөн-түз кол салууну токтотуп, аларга каршы тийип качкан аракеттерге өткөн.

Кабарчыбыздын өкмөт күрт козголоңчуларына кандайдыр концессияларды бериши мүмкүнбү?- деген суроосуна журналист жок деп жооп берди. Биринчиден буга Түркиядагы коомдук пикир жол бербейт, экинчиден келерки жылы боло турган жалпы улуттук шайлоо алдында өкмөт өзүн күчтүү көрсөткүсү келет, дейт Заман айым.