АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВ : КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН ӨЗҮНЧӨ ӨНҮГҮҮ ЖОЛДОРУ БАР

Кыргызстан тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов 29-августта «Азаттык» радиосунун бир катар суроолоруна жооп берди. Анда негизинен кыргыз-өзбек мамилесине байланыштуу маселелер козголду.
-Кыргызстан менен Өзбекстан тил табышууга аракет жасоодо. Ага Кыргызстандын диний экстремисттерге чечкиндүү чараларды көрүшү себеп болду деген пикирлер бар. Мына ушул кезектеги ирет тил табышуунун келечегине кандай карайсыз?

-Тышкы саясат, жалпы эле саясат мамлекеттин кызыкчылыгына жараша жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө элибиз да, жалпы коомчулугубуз, ал эле эмес эл аралык коомчулук да бизди коңшулар менен жакшы карым-катнашта болсо деген пикирлерди көп айтып келет. Буга чейин ар кандай кырдаалдар, ар кандай себептер болгон…
Акыркы мезгилде биздин президент Курманбек Бакиев өзбек президенти Ислам Каримов менен үч-төрт жолу жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин биздин мамилелерде жаңы этап ачылып жатат.
Ошон үчүн биз ойлойбуз, көп жылдарга баары жакшы болот, кыйынчылыктар жоюлат деш кыйын, бирок биз ошондой үмүттөбүз. Кандай күндөр болбосун биздин эки эл бири-бири менен тил табышып келген.

-Президент Курманбек Бакиевдин Ташкенге сапары учурунда кыргыз тарап кандай маселелерди көтөрөт. Кайсы багытта, кайсы тармакта кызматташуу биздин улуттук кызыкчылыкка жакын?

-Биздин оюбузча, эң негизги маселелердин бири бул эки мамлекеттин ортосунда ар дайым диалог болуп, пикир алмашып туруусу, бирин-бири колдоо аракеттерин жасашы. Фергана өрөөнүндө калк жыш жайгашкан. Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда саясий болобу, экономикалык болобу, гуманитардык болобу өтө орчундуу маселелер бар. Биз ошол орчундуу маселелер боюнча иштей баштадык. Өз ара түшүнүшө баштадык. Ошондуктан мен ойлоймун, Курманбек Бакиевдин сентябрдын аягына белгиленип жаткан сапары жемиштүү болот.

Биринчиден, саясий маселеден карасак виза маселеси. Бул өтө чоң маселе. Экинчи чек ара маселесин карашыбыз керек. Үчүнчүдөн террорчулук, диний экстремизм маселелери турат. Ал эми гуманитардык тармакта кыргыз-өзбек университети бар. Мына ошонун статусун карайбыз. Иши кылып ар бир тармак боюнча карай турган маселелер көп.

-Аликбек мырза, мына чек ара маселесине келгенде, 1295 чакырым келген чек ара тилкесинин делимитацияланган 1043 чакырымын бекитүү күтүлүп жатат экен. Ошонун маанисине токтолуп, андан кийин татаал участоктор боюнча сүйлөшүүлөр кандай болмокчу? Ошол тууралуу айтып берсеңиз.

-Биз чек ара маселесин этап-этап менен чечели деген пикирге келгенбиз. Эгерде 1043 чакырым боюнча талаш-тартыш жок болсо, аны юридикалык жактан беките берүү керек. Калган бөлүктөр боюнча атайын комиссиялар ишти уланта берет. Алар ар бир метр, ар бир чакырым жерди коргоого милдеттүү. Өзүңөр билгендей биздин элибиз көп эмес, жерибиз чоң эмес. Ошондуктан биз улуттук кызыкчылыкты катуу коргоого даярбыз.

-Улуттук кызыкчылык демекчи, мына биздин жерге курулган Кемпирабад, Ортотокой суу сактагычтар бар. Алардын статустары ушул кезге чейин аныкталбай, Өзбекстан аларды өз юрисдикциясында кармап келет. Аларды кайтарып алуу маселеси козголобу?

-Бул жерде белгилей турган нерсе, маселелер өтө эле көп. Ошондуктан бир сапарда эле баары чече коебуз деш кыйын. Ошон үчүн биринчи этапта өтө орчундуу, өтө маанилүү маселелерди карайбыз. Андан кийин буларга киришебиз. Эгерде эки ортодо жылуу саясий мамиле болсо, мен ойлоймун, бул маселелер да чечилиш керек.

-Коомчулук акыркы кезде беш өзбек качкынын Ташкенге берилишине тынчыздануусун билдирип келет. Башкы прокуратура аларды өткөрүп берди. Жергиликтүү укук коргоочулар ага каршы чыкты. Тышкы иштер министрлигинин ошол качкындардын тагдырынан кабары барбы?

-Берилген атуулдар Өзбекстан жарандары. Ошондуктан ал биздин ишибиз эмес. Биз Кыргызстандын жарандарынын тагдырын карайбыз. Бул иш саясий эмес, укуктук маселе. Ал беш кишинин арызын биздин райондук соттон тартып, Жогорку Сотко чейин карап качкын статусун берген жок. Ошондуктан, негизинен биз Кыргызстандын аброюн сактап, эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерди аткарууга аракет жасап жатабыз. Адам укугун коргоочу уюмдардын бизди сындоого, тигиндей болду, мындай болду деп айтууга укугу бар. Бирок, менин айтаарым былтыр Кыргызстанда бийлик олку-солку болуп, абдан татаал мезгил учурунда да эч нерсеге карабастан 439 качкынды үчүнчү өлкөлөргө чыгарып жибербедикби. Ошон үчүн биздин коомчулук бизди колдош керек деп ойлоймун. Эми ошол беш кишинин арасында прокурорду мууздаган кишилер болсо, Анжиян окуясына чейин баңги заттарын саткан кишилер болуп, кылмыш иштер козголгон адамдар болсо прокуратура кантип башкача чечимге келе алат? Муну туура түшүнүш керек.

-Коомчулукта акыркы мезгилде чочулоо да пайда болууда. Маселен, акыркы мезгилде Кыргызстан аймагынан беш өзбек атуулу дайынсыз жоголуп кетиптир. Мындай окуялар эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары болгон эле. Анда аларды Өзбекстандын атайын кызматтары уурдап кеткени айтылган. Азыр ошол практика кайталанууда. Андан сырткары Өзбекстан сыяктуу катаал диктатордук режим менен жакындашып, Кыргызстан Ташкендин кейпин кийип калбайбы деген сөздөр бар?

--Биздин кээ бир саясатчыларга таң калам. Өзбекстан менен мамиле жок болсо, Өзбекстан менен мамилени эмне үчүн оңдобойсуңар деп чыгышат. Жаңыдан кадамдарды таштап, Ташкен менен мамилени оңдой баштасак Өзбекстандай болуп калбайбызбы деп чыгышат. Мен мындай ойлорго кошула албаймын.

Эгемендүүлүккө жеткенден кийин СССРдин ар бир республикалары өзүнүн жолун тандап алган. Өзбекстандын эли тандап алган өз жолу бар. Биз аны сыйлашыбыз керек. Биздин өзүбүздүн жолубуз бар.

Коопсуздук маселеси боюнча эки өлкөнүн атайын кызматтарынын кызматташуусу жаман көрүнүшпү? Өзүңөр билесиңер терроризмге бир Кыргызстан эмес, дүйнөдөгү чоң мамлекеттер жалгыз туруштук бере албай жатат. Ошондуктан биз жалпы эл аралык коомчулук менен, жакын коңшуларыбыз менен бирдикте кызматташуубуз керек. Биз ошону турмушка ашырып жатабыз.

Ал эми өзбек атуулдарынын уурдалышы тууралуу бизде маалымат жок. Бул ушак-айыңдыр. Бул маселе боюнча, менин маалыматыма караганда, биздин атайын кызматтар иликтөө жүргүзүп жатат.

-Суу-энергетика тармагында кызматташуу татаал маселен бойдон калууда. Өзбекстан бизден электр энергиясын алуудан баш тарткан. Ушул маселе сапарда козголуп, эки тарапка пайдалуу чечим табылабы?

-Эми суу-энергетика маселе өтө татаал маселе. Ал эки мамлекеттин ортосунда эле чечилип калбайт. Бул жалпы регионалдык маселе. Анткени СССРдин убагында жалпы, бирдиктүү энергетикалык система түзүлгөн. Бири суу берсе, экинчиси газ берип, үчүнчүсү электр энергиясын алып дегендей. Эгемендүүлүк алганыбызга карабай мына ошол система сакталып калды. Бул маселе сентябрь айынын башында Астанада Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан президенттеринин бейформал саммитинде талкууланат. Биз буга даярдык көрүү иретинде Тышкы иштер министрлигинде тийиштүү тармактардын өкүлдөрүн чогултуп, ушул маселелерди сүйлөштүк. Биздин адистер баарын түшүнөт. Маселе так коюлган. Негизинен биз улуттук кызыкчылыкты бекем коргойбуз, аны алдырбайбыз.