Анталиядагы жардыруудан 3 адам набыт болду

Түркиядагы жардыруулардан жабыркагандардын арасында Орусиянын, Германиянын, Ирандын жана Израилдин атуулдары бар. Кечээ Түркиянын Анталия курортунда жардыруу болуп, 3 адам набыт кетип, 21и жарадар болду. Андан мурунку күнү Түркияда Стамбулда, анан Мармарис курортунда катары менен эки жардыруу болуп, 27 адам жарадар болду.