М. Хатамиге АКШга кирүүгө уруксат берилди

АКШ мамлекеттик департаменти Ирандын мурдагы президенти Мохамат Хатамиге Америкага кирүүгө визага уруксат берди. Экс- президент Вашингтондо 7- сентябрда өтө турган дүйнөлүк конференцияга чакырылган. 1979- жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесинин үзүлүшүнө алып келген Ирандагы ислам революциясынан бери АКШга бир да ирандык саясатчы киргизиле элек болчу.