Хезболла менен Израил ортосунда туткундарды алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Бул тууралуу Хезболланын лидери Хасан Насралла Ливан телеканалынан сүйлөп жатып билдирди. Хезболлачылар 12- августта эки израилдик аскерди барымтага алып, ливандык туткундарды бошотууну талап кылган. Буга жооп кылып Израил өз аскерлерин Ливанга киргизген.