8:00 Улуттук банк «ЕврАзЭСке кирген өлкөлөрдө төлөм системаларын өнүктүрүүнүн стратегиясы» боюнча талкууларды өткөрөт

БИШКЕК. Ал Евразия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөрдө төлөм системаларын өнүктүрүү жана модернизациялоо жаатында жүрүп жаткан иштер боюнча тажрыйба алмашуу, бул багыттагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатын көздөйт. Бүгүн башталган тегерек үстөл талкуусуна аталган шериктештикке кирген мамлекеттердин борбордук банктарынын өкүлдөрү катышмакчы. Талкуу 31-августка дейре созулат.