БИШКЕК. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 24-августта Каракөл-Кайыңды жолунда 3 миң кубметр көлөмүндөгү жер көчкү жүргөн. Министрликтен маалымдашкандай, курман болгон адамдар жок. Учурда көчкү жүргөн жерде тазалоо иштери жүрүүдө.