АКШ коргоо министринин айтымында, Багдаддагы абал жакшыра баштады

АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд кечээ күнү Пентагондо Ирактын вице-президенти Адил Абд ал-Махди менен жолукканда - өткөн айда Иракка кошумча америкалык аскерелер жиберилгенден Багдад шаарындагы куралдуу кагылышуулардын саны азайды деп билдирди. Бирок, анын айтымында, кошумча аскерлер убактылуу гана жиберилди: "Туура, мындай абал узакка уланбайт. Негизги маселе, жалпы абалды - саясий, экономикалык жана коопсуздук абалын - жакшыртыш керек, - деди Рамсфелд жолугушуудан кийин. Кечээ күнү Ирактагы америкалык аскерлер Рамади шаарындагы мечитти танкилерден атты, анткени анын ичинен америкалыктарга каршы ок атылган. Мечиттин кумпасына жана минаретке зыян келди.